Кыргызстанда дизайнерлердин эл аралык көргөзмөсү өтөт

Бул иш-чара Кыргызстанда алгачкы жолу өткөнү турат.

408497
Кыргызстанда дизайнерлердин эл аралык көргөзмөсү өтөт

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Эл аралык дизайнер Леси Купани билдирди.
“19-декабрда борбор калаада “Купидон Бишкекти чакырат!”- деген аталыштагы кайрымдуулук көргөзмө өтөт. Ага Кыргызстандын жана Европа өлкөлөрүнүн белгилүү жана жаш дизайнерлери катышат. Бул иш-чара Кыргызстанда алгачкы жолу өткөнү турат. Ага катыша тургандар бир топ сынактардан өтүштү. Алардын ар биринин өзгөчө стили, өзгөчө идеясы бар. Бардыгы таланттуу. Өз кезегинде мындай көргөзмөлөр Кыргызстандагы жаңы чыгып келе жаткан дизайнерлерге бир топ пайда алып келет деп ишенебиз”,-деди Леси Купани.
Анын айтымында, бул кайрымдуулук көргөзмөнүн өзгөчөлүгү- жаш дизайнерлердин көп катышып жаткандыгында. Жалпысынан 10дон ашуун улан-кыз өздөрүнүн эмгектерин сунуш кылат.
“Жаш таланттардын эмгегин баалоо үчүн Англия, АКШдан белгилүү дизайнерлер келет. Ал эми, Кыргызстандан калыстар тобуна белгилүү дизайнерлер Ассоль Молдакматова, Марат Ибраев кирди”-деп кошумчалады ал.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар