Бакуда түрк кино жумасы башталды

Бардык кинолор акысыз көрсөтүлө турган түрк киносу жумалыгы 12 - декабрь ишемби күнү аяктайт

403817
Бакуда түрк кино жумасы башталды

Азербайжандын борбор шаары Бакуда түрк кинолору жумалыгы башталды. Маданият жана туризм министрлигинин кино боюнча башкы директорлугунун спонсорлугунда ТИКА жана Юнус Эмре институтунун кошкон салымы менен өткөрүлгөн иш чарага Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Орду депутаты Метин Гүндогду, Бакудагы элчи Исмаил Алпер Жошкун менен бирге кино жана искусство жамаатынан бир топ конок катышты.
Тогуз кино, бир даректүү фильм көрсөтүлө турган иш чара Осман Сынавдын «Узун хикайе» аттуу киносунун көрсөтүлүүсү менен башталды. Бардык кинолор акысыз көрсөтүлө турган түрк киносу жумалыгы 12 - декабрь ишемби күнү аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар