Жон КерриТүндүк Кипр Түрк Республикасына сапар менен барды

Акынжы АКШнын колдоосу процесске чоң салым кошорун баса белгиледи

399870
Жон КерриТүндүк Кипр Түрк Республикасына сапар менен барды

Жон Кери Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапар менен барган АКШнын биринчи мамлекеттик катчысы болду. Кечээ Кипрге барган Жон Керри биринчи болуп Рум бөлүгүндө кесиптеши Яннис Касулидес менен, андан кийин Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис менен жолугушту. Керринин андан кийинки аялдамасы Түндүк Кипр Түрк Республикасы болду. Керри президент Мустафа Акынжы тарабынан кабыл алынды. Акынжы жарым саатка жакын созулган жолугушуудан кийин берген маалыматында пайдалуу жолугушуу болгонун айтты.
АКШнын чечүүчү жол үчүн берген колдоосун дагы бир аныкташкандарын белгилеген Акынжы АКШнын колдоосу процесске чоң салым кошорун баса белгиледи. Жон Керри болсо сүйлөшүү процессинде лидерлердин чечүүчү жол үчүн көрсөткөн аракеттеринен улам таасирленгенин белгиледи жана өлкөсүнүн чечүүчү жолго карата колдоосунун улантыларын айтты.
Жер Ортолук деңизинин тынчтык аралына муктаждыгы бар экенин айткан Керри сүйлөшүү процессинин ийгиликтүү болушу менен Кипрдын бул ролду аткара аларына көңүлдөрдү бурду. Керри президенттик сарайда өткөрүлгөн жолугушуудан кийин БУУнун текшерүүсүндөгү тарапсыз аймакта рум жана түрк жаштары ойногон баскетбол матчын көрдү.
АКШнын мамлекеттик катчы Керри андан кийин БУУнун миссия шефи Лиза Баттенхайм тарабынан урматына берилген кечки тамакка катышты. Тамакка Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Акынжы жана рум лидер Анастасиадис да катышты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар