Чоң жыйырмалыкка "Кабар" агенттиги сереп салды

Түркиянын Анталья шаарында өткөн Чоң жыйырмалыкта террор маселеси жана баш калкалоочу маселеси кеңири каралды.

356458
Чоң жыйырмалыкка "Кабар" агенттиги сереп салды

 Туркиянын Анталья курорттук шаарында “Чоң жыйырмалыктын” мамлекет башчыларынын форуму өттү. G20 лидерлери Түркияда глобалдык экономикага байланышкан бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Албетте, биринчи планга террорчулукка каршы күрөшүү жана Евросоюз аймагындагы миграциялык кризисти чечүү көйгөйлөрү чыгууда.
2014-жылы декабрда Түркия алгачкы ирет өз тарыхында G20нын төрагасы болгон. “Чоң жыйырмалыктын” туруктуу мүчөсү статусуна 19 мамлекет жана Европа союзу ээ. Алар Аргентина, Австралия, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Россия, Сауд Аравиясы, АКШ, Түркия, Франция, ТАР(ЮАР), Түштүк Корея жана Япония.
G20нын мамлекет башчыларынын саммити салт боюнча дүйнөлүк экономика тармагында кызматташтык маселелерин карайт. Бирок быйылкы жылы Түркия менен чектешкен Ирак менен Сириядагы согуштун токтобой жаткандыгына байланыштуу террорчулукка каршы күрөшүү жана миграциялык кризисти чечүү маселелери курч көйгөйгө айланууда.
G20нын мамлекет башчыларынын Брисбенде өткөн акыркы саммитинен кийин ар кайсы мамлекеттердин ортосунда айрым карама-каршылыктар сакталып, ал тургай өөрчүп да кеткен болчу.
Ошондуктан 15-16-ноябрда Антальяда өткөн саммиттин айырмаланган темаларынын бири “талаада” жолугушуулардын өтө маанилүү экендиги болуп саналат: тараптар жалпы кызыкчылыктагы пикирди табууга аракет кылышууда.
1. Террорчулукка каршы күрөшүү
Саммит башталар алдындагы Парижде болгон бир канча террордук актылар “жыйырмалыктын” лидерлеринин күн тартибиндеги негизги маселе болгону талашсыз. Түркия да акыркы мезгилде өз мисалында террордук коркунучтардын күч алышын баштан өткөрүүдө. Ирак жана Сириядагы токтобой жаткан согушка карата жалпы позицияны иштеп чыгуу, ДЕАШ жана башка топтор менен күрөшүү бул саммиттин негизги темасы болууда. Россия, Түркия жана башка мамлекеттер экстремисттик уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүү сунушу менен чыгууда. Бирок террорчулук менен күрөшүү тууралуу жалпы сөздөрдөн бул зомбулуктун азабын тартып жаткан өлкөлөр карама-каршылыкты толук жеңе алышпайт: айрым өлкөлөр Сирия менен Ирактагы согуштан өзүнүн жеке кызыкчылыгын чечүүдө жана азырынча террорчулукка каршы күрөшүүдө биригип, чогуу аракет кылууга даяр экендигин билдирише элек.
2. Дүйнөлүк экономика
G20 өлкөлөрүнүн башчылары дүйнөлүк экономиканын акырындык менен өнүгүп жаткандыгын талкуулашып, өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн биргелешип аракет көрүүнүн зарылчылыгы, инвестицияны жогорулатууну издөө ыкмалары боюнча биргелешкен кайрылуу кабыл алышы мүмкүн. Түркия төрагалык кылган билдирүүлөрдүн катарында “күчтүү жана инклюзивдик өнүгүүгө шарт түзүү үчүн жамааттык аракет кылуу” зарылчылыгы белгиленүүдө.
3. ЭВФти реформалоо
Глобалдык каржы архитектурасын жана Эл аралык валюта корун бир тутумдук түзүлүш катары реформалоо маселеси өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн эбак эле өтө зарыл жагдай болуп саналат. Бул өлкөлөр эл аралык каржы институттарында бирдей добушка жана укукка ээ болгусу келишет. Себеби дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүндө бул өлкөлөрдүн да үлүшү жогорулап баратат. Эксперттер ушул маселенин адилет чечилиши ЭВФтин өзү үчүн деле пайдалуу деп эсептешет. Анткени мындай шартта фонддун иштеши легитимдүү болуп саналат.
4. Салык алууну автоматташтыруу
2013-жылы Санк-Петербургдагы G20 саммитинде эл аралык салык алуунун эрежелерин реформалоо расмий түрдө киргизилген болчу. Ал эми Антальяда “Салык базасын бурмалоого каршы күрөшүү жана салык алуудан кирешени чыгарып кетүүнү ооздуктоо планын” жыйынтыктоо күтлүүдө. “Чоң жыйырмалыктын” мамлекет башчылары салык маалыматын эл аралык автоматташтырылган түрүнө өткөрүү маселесин талкуулашат. Кийинки кадам “жыйырмалык” жана анын сыртындагы мамлекеттерде жаңы эрежелерди киргизүү болмокчу.
5. Миграциялык кризис
Евросоюз аймагына мигранттардын киришине байланыштуу көйгөйлөрдү G20 мамлекет башчыларынын саммитинде талкуулоо күн тартибиндеги негизги темалардын бири болууда. Саммит башталар алдында Түркия Сириядан келген качкындардын кем-карчына 8,5 млрд. доллар жумшагандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Ошол эле учурда Евросоюздун өзүндө кризисти реалдуу чечүү ыкмаларынын тегерегинде карама-каршылыктар күчөөдө. Бир катар өлкөлөр чек араларын бекемдей баштады жана ЕСнун аймагында жарандардын ээн-эркин кирип-чыгуусу тууралуу Шенген келишимин бузуп, катаал чек ара көзөмөлүн киргизип жатат. Кырдаал бир гана Сирия, Ирак жана Афганистандан качкындар көп кирип жаткандыгынан улам гана эмес, Африка жана Азиянын кедей өлкөлөрүнөн эмгекке жарамдуу жаштардын жакшы жашоону издеп келип жаткандыгына байланыштуу да курчууда.
6. Климаттын глобалдык өзгөрүшү
G20 форуму климат маселеси боюнча өзүнчө сүйлөшүү аянты болуп саналбайт. Анткен менен бул жагдай “жыйырмалыктын” лидерлери тарабынан талкууланары күтүлүүдө. Маселе тараптар кандайдыр-бир так макулдашууларды түзө алабы же “зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу зарылчылыгы” тууралуу жалпы билдирүү менен чектелип калышабы, ушунда. Жердеги климаттын өзгөрүүсүнө антропогендик фактордун таасири тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Ошол эле учурда көптөгөн өнүгүп келаткан өлкөлөрдө “климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүнү” экономикалык жактан өнүгүүгө кандайдыр-бир деңгээлде чек коюу катары түшүнүшөт.
7. ТТШ жана ТТСК түзүү
Саммитте ошондой эле дүйнөлүк экономиканын алкагында жаңы соода макулдашууларын түзүү темасы да козголот. Транстынчокеан шериктештиги (ТТШ) жана Трансатлантикалык соода жана инвестициялык кызматташтыгы (ТТСК) дүйнөлүк экономикада жаңы тобокелчиликтер менен тоскоолдуктарды жаратпай койбойт. РФнын президенти Владимир Путин бул маселе саммитте козголо тургандыгын мындайча белгиледи:
"Антальяда биз дүйнөлүк сооданын келечегин жана учурдагы көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты предметтүү түрдө талкуулай аларыбызга ишенем. АТР жана Атлантика (ушул жылы 5-октябрда 12 мамлекет – Австралия, Бруней, Вьетнам, Канада, Малайзия, Мексика, Жаңы Зеландия, Сингапур, АКШ, Перу, Чили Япония жана Трансатлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүк – ЕС жана АКШнын ортосунда пландаштырылган макулдашуу тууралуу айтылууда).
Аталган уюмдардын түзүлүшү бизнес жана коомчулук сыяктуу эле алардын экономикалык өнөктөштөрү үчүн да ачык эместиги чочулоону жаратууда. Биздин жалпы кызыкчылыктарыбыз үчүн бул уюмдар чындап эле көп тараптуу соода системасын толуктап, дүйнөнүн баардык экономикасынын өнүгүүсү үчүн иштеп, жаңы тоскоолдуктар менен бүдөмүк жагдайларды жаратпайт деп ишенем”.
8. "Түрк агымы"
"Түрк агымы" газ куурунун курулушу – бул эң оболу Россия менен Түркиянын эки тараптуу мамиле түзүү маселеси. Анткен менен аталган өлкөлөрдүн бийликтери аталган теманы форумдун кулуарында жана РФнын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын жеке жолугушууларында талкуулоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышпайт. Акыркы мезгилде бул теманын тегерегинде бир нече курч жагдайлар байкалгандыктан, тараптар кандайдыр-бир пикир келишпестиктерди жөнгө салууга аракет кылышат.
9. Украинанын Россияга карызы
Украинанын Россияга карызы да форумдун жүрүшүндө талкууланмакчы. Бирок бул маселе жалпы дискуссиянын алкагында эмес, РФнын президенти Владимир Путин менен ЭВФтин директор-бөлүштүрүүчүсү Кристин Лагарддын пландаштырылган жолугушуусунда талкуулоо күтүлүүдө. Тараптар бул маселе боюнча жалпы көз карашты табууга аракет кылышмакчы.
10. Россия жана Япониянын ортосундагы сүйлөшүү
Анталья саммитинин “талаасында” өткөн бул форумдагы жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн “сюрприздеринин” бири РФнын президенти Владимир Путин менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин сүйлөшүүсү болду. Саммит башталар алдында япон премьери эки өлкөнүн ортосунда тынчтык келишимин жандандыруу пикирин билдирген. Россия (СССРдин мурскору катары) жана Япония азыркыга чейин 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң толук кандуу тынчтык келишимин түзүшкөн эмес.

Даярдаган Эмилбек Момунов, “Кабар”

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар