Вальтер Штайнмайердин Кипр сапары дипломатиялык скандал жаратты

Элчиликтин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигине жиберген чакыруу болсо дипломатиялык кризиске себеп болду

418683
Вальтер Штайнмайердин Кипр сапары дипломатиялык скандал жаратты

Германиянын тышкы иштер министри Вальтер Штайнмайердин Кипр сапары дипломатиялык скандал жаратты. Вальтер Штайнмайер аралдын эки бөлүгүнө тең сапар менен барды. Жолугушуулардан кийин Германия элчилиги министрдин урматына рецепсия берди. Элчиликтин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигине жиберген чакыруу болсо дипломатиялык кризиске себеп болду.
Германия элчилиги рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадисти президент катары чакырып жатып президент Мустафа Акынжыны «Коомдун лидери» сыпатында атады. Ушул боюнча Мустафа Акынжы чакырууну кайра кайтарып, президенттин катчысы Барыш Буржу жазуу түрүндөгү маалыматы менен элчиликтин мамилесин сынга алды. Немис тышкы иштер министринин президенттик сыпаты менен президенттик сарайында жолугушкан бир лидерди Германия элчилигинин «коомдун лидери» деп айтууну улантуусу таң калтырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар