Түркиянын ТРТсында бир ай

ТРТ өзүнчө эле мамлекеттеги “мамлекетти” элестетет.

366878
Түркиянын ТРТсында бир ай

Европа, Азия, Африка материктеринин ортосунда жайгашкан Түркия Республикасы бүгүнкү күндө бир гана экономикалык жактан дүркүрөп өнүкпөстөн, алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кошулуп, 15-16-ноябрда Антальяда “Чоң жыйырмалыктын” саммитин өткөрүү менен глобалдык маселелерди чечүүдө да “чоң оюнчу” экендигин далилдеп койду. Акыркы төрт жылдан бери согуш жүрүп жаткан Сириядан качкан эки миллион адамды кабыл алып, аларды багууга 8,5 млрд доллар жумшады. Мына ошол ак көңүл жана кең пейил боордош өлкөдө жакында мамлекеттик ТРТ телерадио компаниясы менен “Кабар” агенттигинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде бир ай иштеп келдик. Албетте, маалымат менен интернет, авиабайланыш өнүккөн бүгүнкү заманда арабызды 4 миң километр жана 4 саат аралык бөлүп турган менен кызматташтыгыбыз күн сайын өнүгүүдө.

ТРТ – мамлекеттеги “мамлекет”

Адатта күчтүү мамлекеттин маалымат саясаты да күчтүү болот эмеспи. Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1920-жылы мамлекетти түзгөндө маалымат каражаттарын кошо түзүп, алгач “Анадолу” маалымат агенттигин, андан соң гезит, телевидениени ачкан экен.

Бизди Анкаранын Эсенбога аэропортунан ТРТнын Түркия үнү радиосунун жетекчиси Алмазбек Асанбаев тосуп алып, шаардын чок ортосундагы дөңсөөдө жайгашкан ТРТнын башкы кеңсесине бир сааттай жол жүрдүк. 12 кабат, узундугу 500 метрдей, көк түстөгү башкы корпустун төбөсүнө мамлекеттин желеги илинип, Түркиянын кубатын көрсөтүп тургансыйт. Ал эми тегерек четиндеги 15 телеканалдын, 32 радионун жана 40тан ашык тилдерде маалыматтар жайгашкан сайттардын корпустарын кошуп алганда, ТРТ өзүнчө эле мамлекеттеги “мамлекетти” элестетет. Жалпысынан башкы кеңседе жети миң, аймактарды кошуп алганда тогуз миң кызматкерлер үчүн балдарына бала бакча, тамактануучу, спорттук аянтчалар курулган. Мамлекеттин негизги маалымат органы катары президент, премьер-министрдин маанилүү иш чараларын ыкчам чагылдыруу үчүн ал тургай тик учмалар учуп-конуучу аянты бар. Эртең менен жумушка келатканда, кечинде кайра кетип жатып жана түшкү тамак учурунда ТРТнын тегерегине жети миң адам чыгып, аларды Анкаранын ар кайсы райондоруна ташып жеткирген автобустар автобекетке айланып калат экен. Бир жылдык бюджети эки миллиард АКШ долларына барабар бул телерадиокомпанияга жумушка орношуу оңой эмес. Себеби баардык шарттар түзүлгөндөн тышкары пенсияга чыкканча иштөөгө кепилдик бар жана маянасы да жогору.

ТРТ акыркы жылдары чон реформаларды ишке ашырып, саясат, жаңылыктар, чет өлкөлүк жаңылыктар, маданият, музыка, окуу, спорт, балдар, араб, күрт тилдеринде, дин жана башка жалпысынан 14 телеканалдары сутка боюу көрсөтүлөт. Жетекчиликтин айтуусунда, алар да мындан беш жыл мурда кризиске кабылып, жеке менчик телеканалдар менен атаандаштыкка туруштук берүү үчүн көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүүнү көздөп, ушундай ар бир тармак боюнча өзүнчө канал ачкан. Себеби эч качан ар кандай көз караштагы жана жаш курагы түрдүү көрүүчүлөргө бирдей жагуу мүмкүн эмес. Натыйжада Би-Би-Си жана башка дүйнөдөгү алдыңкы телекомпаниялардан үйрөнгөн бул тажрыйба үзүрүн берип, азыр ТРТ алдыңкы теле, радио жана интернет-сайт маалымат булагы болуп саналат. Ал эми ТРТ-Аваз каналы түрк тилдүү жана башка боордош өлкөлөрдө спутник аркылуу бир нече тилдерде жаңылыктарды көрсөтөт.

Кризистен – прогресске

Президент Режеп Тайып Эрдоган премьер-министрликке, андан кийин президенттикке шайланган акыркы он жылдын аралыгында Түркиянын экономикасы дүркүрөп өнүгүп, алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кошулду. Дагы 6-7 жылдын аралыгында ондуктун, андан соң үчтүктүн катарынан орун алууга умтулуп жатыптыр. 1-ноябрда болгон парламенттик шайлоодо да премьер-министр Ахмет Давутоглу лидери болуп саналган “Адилеттик жана өнүгүү” (АК) партиясына шайлоочулардын жарымынан көбү азыркы бийликке ишенгендиги жана эл үчүн иштеп жаткандыгы үчүн добуш беришти. Шайлоо демекчи, ошол күнү Анкаранын айрым шайлоо участкаларында болуп, элдин чындап шайлоого ишенерине көзүм жетти. Анткени эч ким акчага, аракка же “жол оңдоп, көпүрө салып берем”,- деген калп убадага добуш бербейт. Шайлоонун таза өтөрүнө ишенишет. Баарынан да саясатчылар менен партиялар бири-бирин жамандаган, шыбаган “кара пиар” жасалбай, ар бир партия өзүнүн гана максатын тааныштырат экен.

Парламенттик көпчүлүк коалицияны түзгөн АК партиянын жакынкы жылдары ишке ашыра турган бир нече стратегиялык пландары бар. Алар: соода борбору болгон Стамбулга үчүнчү аэропорт куруу. Азыр курулушу кызуу жүрүп, жакынкы 2-3 жылда пайдаланууга бериле турган бул дүйнөдөгү эң чоң аэропорт Ататүрк аэропортунан үч эсе чоң болуп, самолеттордун учуп-конуу тилкеси деңиздин үстүнө курулат. Ал эми бир учунан экинчи учуна жүргүнчүлөр поезд менен катташат. Босфор кысыгына Стамбулдун Европа жана Азия бөлүгүн бириктирген үчүнчү көпүрө курулуп бүттү. Мындан тышкары узундугу 100 километрден ашык Босфор кысыгына параллел Стамбул каналы курулууда. Ал бүткөрүлсө, жер ортолук деңизи аркылуу Европа өлкөлөрүнөн дүйнөлүк океандарга каттаган танкерлер менен кемелер көбөйүп, мамлекеттин бюджетине ири суммада киреше түшмөкчү. Анкарадан Стамбулга, Ескишехирге самолеттой ылдамдык менен жүрүүчү поезддер башка шаарларды да бириктирип, жүргүнчүлөргө ыңгайлуулуктар түзүлүүдө. Өлкө экономикасынын өнүгүүсүндөгү дагы бир революция – жакын арада Түркия өзүнүн жүргүнчүлөрдү ташуучу самолету менен Газиентеп университетинде ойлоп табылып, сыноодон өткөн электр энергиясы менен жүрүүчү автомобил болмокчу. Европа өлкөлөрүндө баасы 150 миң доллар турган мындай автомашинаны Түркия болгону 50 миң долларга сатууну пландаштырууда. Ал бензинге караганда бир топ арзан жана экологияга зыян келтирбейт. Мисалы, аралыгы 1000 километрден ашык Анкара менен Стамбулдун ортосуна болгону 18 түрк лирасына (500 сомдун тегереги) заряд кылса болот.

Түркиянын негизги экспорту жана бренди катары текстил жана жеңил өнөр жайы кала берүүдө. Себеби түрк кийимдери, айрыкча бут кийимдердин сапаты жогору жана баасы арзан. Азыр бүтүндөй Европа, Азия өлкөлөрү жалаң түрк кийимдерин кийишет. Ошондуктан Түркияга барган турист дүкөн кыдырып, базар аралап, жол сумкасын толтуруп кайтпаса кумары канбайт.

Кызыл Айдын кызыгы ай

Анкаранын арзан да, кымбат да дүкөндөрү, кафе, ресторандары жайгашкан Кызыл Ай району бир гана соода түйүнү эмес, тогуз жолдун тоому болуп саналат. Алты миллион калкы бар борбор калаанын көпчүлүк автобус каттамдары да биздин “Ош базары” сыяктуу ушул жакты кесип өтөт. Өзгөчө дем алыш күндөрү студенттер, ал жакта иштеген кыргыздар бири-бири менен Кызыл Айда жолугуп, мекенге болгон сагынычын, кусалыгын жазып кетишет экен.

Бир чети “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун Анкарадагы кеңсеси да дал ушул Кызыл Ай районунда болгондуктан, кыргыздар күн сайын ал жерде жолугуп туруучу ордого айланыптыр. Аталган коом студенттер арасында ар кандай иш чараларды уюштуруп, жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүп турушат. Ал эми Түркияда иштеп жүргөн мекендештер үчүн кыргыз жана түрк тилдеринде “Достук” жана балдарга арналган “Бүчүр” журналдары жарык көрөт. Коомдун төрагасы жыл сайын шайланып, ал аткарган иштери тууралуу отчет берип турарын учурда бул милдетти аткарып жаткан Мирбек Жолдошалиев билдирди.

Кыргыздардын мындай ынтымагы менен биримдигин көргөн казактар да ушундай коом түзүүнү пландаштырып жатышыптыр. “Ар кандай себептерден улам Түркияда окуп, иштеп жүргөн кыргыздар жарандыкты алып, биротоло да отурукташып калышууда. Бирок алардын балдары ушул жакта төрөлгөндүктөн, тилдери түркчө чыгып жатат. Биз алардын кыргызчаны да билип чоңоюшу үчүн бөбөктөргө эне тилин үйрөткөн “Бүчүр” журналын чыгарып жатабыз. Коом менен эки журналыбыздын ишине Түркиядагы кыргыз ишкерлеринин жетекчиси Айбек Сарыгулов көп жардам берип турат. Мындан тышкары Анкара университетинде иштеген профессор, доктор эжебиз Гулзура Жумакунова дайыма баш-көз болуп, акыл-насаатын айтып турат”,- деди ал.

Үч карагайдын үшкүрүгү

Ошентип билинбей бир ай да өтүп, сапарыбыз карыганда Алмазбек Кыргызстандан барган журналисттерди үйүнө конокко чакырды. Жумушунан анча алыс эмес аралыктагы төрт кабаттын экинчи кабатында жайгашкан төрт бөлмөлүү бул үйдү ал беш жыл мурда кокусунан эле кредитке алып калганын айтып берди. Ага чейин 15 жылдан ашык үч баласы менен Анкаранын ар кайсы районунда 12 ирет квартира которгон экен. Жакшы адамга кээде Кудай да жардам берет эмеспи, көчүп-конуп, Кыргызстанга кетүүгө камданып калганда ушул босогосунан баштап мрамор менен салынган кооз үй арзан чыга калып, жарандыкты да алыптыр. “Пенсияга чыксам Кыргызстанга кетем...”,- деген сөзүнөн мекенге болгон кусалык, бул сагынычты эч кандай жыргал турмуш алмаштыра албай тургандыгы байкалып турду. Ал Анкарага барган ар бир кыргызды бир тууганындай көрүп, колдон келген жардамын, сый-урматын көрсөтүүгө аракет кылат экен.

Алмазбектин үйүнөн чыгып, анча алыс эмес аралыктагы Кыргызстандын элчилигинин участогуна... бардык. Дипломатиялык шаарчада эки гектарга жакын аянтты ээлеген жерде болгону үч карагай өсүп турат. Анын биринчисин 1992-жылы алгачкы президент А. Акаев, экинчисин премьер-министр Н. Танаев жана үчүнчүсүн К. Бакиевдин премьер-министри И. Чудинов тиккен экен. Биз көрөбүз деп суктанып барган элчилигибиздин ордунда болгону ушул үч карагай гана үшкүрүп турат (дагы жакшы куурап калган эмес). Бош талаада желим баштыктар, бош бөтөлкөлөр жана шамалга ыргалган шыбакка көзүбүз түштү. Анткен менен алды жагында Казакстандын, капталында Тажикстандын жана башка мамлекеттердин элчиликтери эбак эле улуттук стилде курулуп, зыңкыйып, дарбазасын кароолчулары кайтарып турат. Ал эми элчилигибиз азыр Анкаранын башка аймагында бир үйдө ижарада турат экен. Элчибиз И. Жунусов быйыл элчиликтин имаратынын курулушу баштала тургандыгын айткандыгын уктук...

Эмилбек Момунов,
Бишкек-Стамбул-Анкара.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар