АКШнын мамлекеттик катчысы Кыргызстанга келет

Жон Керринин Борбор Азияга болгон биринчи иш сапары болуп саналат.

359542
АКШнын мамлекеттик катчысы  Кыргызстанга келет

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 28-октябрдан 3-ноябрь аралыгында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттерине иш сапары менен келет. Жон Керри иш сапарында Бишкек, Самарканд, Астана, Дүйшөмбү, Ашхабад шаарларында болуп, ар бир мамлекеттин жогорку кызматтагы жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул Жон Керринин Борбор Азияга болгон биринчи иш сапары болуп саналат.
Бишкекте Жон Керри Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунун ачылышына катышып, АКШ элчилигинде болот.
Самаркандда Мамлекеттик катчы Орто Азиядагы 5 мамлекеттин тышкы иштер министрлери катышкан жыйналышка катышат. Аталган жыйналыш “С5+1” деп аталып, АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы диалогду түзүүчү жаңы формат катары аймактык жана глобалдык көйгөйлөр талкууланмакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар