Түркменели маданият күндөрү башталды

Түркмөн маданиятына кызмат сыйлыгына ТРТ ылайык көрүлдү.

389357
Түркменели маданият күндөрү башталды

Түркменели маданият күндөрү Ирактан келген түркмөн акын, жазуучу, билим берүүчү жана искусство чеберлерин Анкарада жолугуштурду.
3 күн улана турган иш-чаралардын алгачкы күнүндө Түркмөн маданиятына кызмат сыйлыктары ээлерине тапшырылды.Түркмөн маданиятына кызмат сыйлыгына ТРТ ылайык көрүлдү.Башкы директор Шенол Гөканын атынан сыйлыкты ТРТнын протокол боюнча директору Бүлент Кахраман Чолакоглу алды. Азербайжандын жазуучулар союзу менен профессор Газанфер Пашаев да сыйлык алгандардын арасында болушту.
Түркмөнели маданият күндөрүнүн алкагында Анкарадагы улуттук китепканада сүрөт жана кооздоп жазуу көргөзмөсү да ачылды. Көргөзмөнүн ачылышын маданият жана туризм министринин орун басары Йылдырым Ак жасады.
Түркмөнели маданият күндөрүнүн алкагында Иракта түркчө билим берүү семинары, Түркмөнели ыр уктуруусу, Түркмөн музыкасы кечеси уюштурулат. Түркмөн театр оюну «Отургуч» да театр сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Бул иш-чараларга Ирактын Багдад, Тузхурмату, Керкүк, Эрбил, Мусул жана Телафер шаарларынан академиктер, акын, жазуучу, билим берүүчүлөр менен искусттво сүйүүчүлөр катышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар