Кыргызстанда шайлоо өттү (видео)

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинде шайлоого биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн 51 пайызы катышты.

387995
Кыргызстанда шайлоо өттү (видео)

Кечээ Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү.
Шайлоодо 14 партия кызуу жарышышты. Борбордук шайлоо комиссиясы 6 партия парламентке кирүүгө укуктуу болгонун билдирди.
Чет өлкөлөрдө да 36 шайлоо участкасы ачылып, анын бирөө Кыргыз Республикасынын Түркия мамлекетинин борбор шаары Анкарадагы элчилиги болду. Шайлоо участкасына барып КРнын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Ибрагим Жунусов менен шайлоо тууралуу маектештик.
Эске сала кетсек, элчиликте болгон шайлоого биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын 51 пайызы катышканын элчилик кызматкерлери маалымдашты. (видео маек)

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар