Атамбаев шайлоодо добушун берди

Парламенттик шайлоодо 14 партия ат салышууда.

387179
Атамбаев шайлоодо добушун берди

Бүгүн Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев №5 кесиптик лицейинде жайгашкан №1209 шайлоо участкасында добуш берди.
Ошондой эле, А.Атамбаев менен бирге анын жубайы Раиса Атамбаева дагы добуш берди.
Мындан мурда КРнын премьер-министри Темир Сариев дагы ушул эле жерде парламенттик шайлоого добуш берген.
Шайлоо участкасында 30 байкоочу иштеп жатат, анын төртөө чет элдик байкоочулар.
Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Парламенттик шайлоого 14 партия ат салышууда.
Кыргызстан боюнча 2 миң 374, чет өлкөлөргө 36 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында кошумча 46 шайлоо участкасы ачылган. Баары болуп 2 млн 761 миң 270 шайлоочу катталды.
Эл аралык байкоочулардын жалпы саны 613 адамды түздү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар