Азиялык аялдар Бакуда чогулду

Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын аялдар бөлүмүнүн үчүнчү жыйыны Бакуда башталды.

373992
Азиялык аялдар Бакуда чогулду


Азербайжандын борбору Бакуда Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына мүчө өлкөлөрдүн аялдар бөлүмүнүн өкүлдөрү жолугушушту.
Жолугушууда Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын маселелери, маселелерди чечүү сунуштары, аялдардын келечектеги максаттары жана саясий активдүүлүгү каралууда.
Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын кезектешкен төрайымы Мелахат Ибрахим кызы буларды айтты: Аял жана билим алуу, аял жана бекемдик, аялдардын жакырчылыгын жоюу жана аялдардын саясий өкүлчүлгү эң негизги маселебиз».
Бакудагы жолугушууда Түркия менен Непал, Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын аялдар бөлүмүнүн теңтөрагасы болуп шайланды.
Теңтөрайым Мерйем Гөка буларга токтолду: «Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын алкагында аялдардын саясатка аралашуусун бүткүл дүйнөдө арттырууну каалайбыз. Демократия аялсыз болбойт. Медицина, билим берүү, жашоо шарттарын жакшыртуу бул иштин ичине кирет. Ушул темаларда эмнелерди жасай алабыз буларды бөлүшүп жатабыз.
Жыйында Түркиянын келээрки жылы Азиядагы качкындар маселесине карата конференция өткөрүү боюнча сунушу да жактырылды.
Аялдардын жакырчылыгын алдын алуу жана аялдардын экономикалык, саясий өкүлчүлүктөрү талкууланган жолугушууда катышуучулар чогуу фотосүрөткө түшүштү.
Жыйынга 16 өлкөдөн жогорку мартабалуу коноктор катышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар