Президент Эрдоган Кипрге барып келди

Эрдоган: «Дагы көп убакыт коротпостон чечим табуу жолунда жылыш болушун үмүт кылабыз»-деди.

383124
Президент Эрдоган Кипрге барып келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Кипр тынчтык кыймылынын 41 жылдыгынын алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасында «Тынчтык жана эркиндик» деп аталган аземге катышты.
Кечээ түшкө маал Лефкошага барган президент Эрдоган, президенттик сарайда Түндүк Кипр Түрк Республикасында президент Мустафа Акынжы тарабынан салтанатуу азем менен тосулду.
Алгач эки лидер өз алдынча жолугушуп, андан соң делегациялар арасындагы жолугушууларга катышышты.Жолугушуулардан кийин эки президент азем болгон аянтка өтүштү.
Бул жердеги сөз сүйлөөсүндө процесске байланыштуу билдирүүсүн так түрдө берген Эрдоган: «Дагы көп убакыт коротпостон чечим табуу жолунда жылыш болушун үмүт кылабыз»-деди.
Саясий теңдик жагынан да түштүк тараптан ошондой эле мамилени күткөндөрүн белгилеген президент Эрдоган, бул теманын ички саясаттарга, тактикалык маневрларга материал кылынбай турганчалык маанилүү экендигин баса белгиледи.
Эне мекен менен бала мекендин иш-чараларын бирге уланта тургандарын белгилеген Эрдоган, аяктайын деп калган суу долбоорунан сөз кылды.
Эрдоган: «Бул суу жалгыз эле эркиндик суусу эмес, бир эле учурда тынчтыктын суусу болот. Бул суунун жалгыз эле түндүккө эмес аралдын толугуна жашоо алып барышын каалайбыз. Суунун кургак жерлерге эмес чөлдөшкөн көңүлдөргө да жашоо суусу болушун каалайбыз»-деп айтты.
Андан соң эки президент жүрүш аземдерин чогуу көрүштү. Өзгөчө Солотүрктүн асмандагы учуу көрсөтүүлөрү ар кимдин купулуна толду. Аземди көрүп турган президент Эрдоганга алкыштар айтылып жатты. Эрдоган көрүүчүлөрдүн жанына барып алар менен саламдашып учурашкандан кийин азем аянтынан чыгып өлкөгө кайтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар