Кипр сүйлөшүүлөрү
Кипрде туруктуу чечүүчү жол табууга карай сүйлөшүүлөр уланып жатат.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадис 10-июль жума күнү 5-жолу жолугушушат.
Сүйлөшүүчү делегациялар да сүйлөшүүлөргө ылдамдык киргизип, жыйынга чейин ар күнү чогулууну чечти.
Лидерлердин саммитинде карала турган темаларга байланыштуу техникалык даярдыктар аяктай турган бул жыйындарга кээде БУУнун баш катчысынын Кипр боюнча атайын өкүлү Эспен Барт Эйде да катышууда.
Аралдын эки тарабында тең ар түрдүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Эйде ушул алкакта Түндүк Кипр Түрк Республикасында бийликтин өнөктөшү демократ партиясы Улуттук күчтөрдүн төрагасы Сердар Денкташ менен жолугушат.
Тектеш кабарлар
Кыргызстандан Түркиядан барган дарыгерлерге сыйлык...
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат берилди.