Анкарадагы фестивалда Кыргызстан кечеси өттү

Фестивалга Кыргызстандан Каракол шаарынын депутаттары жана ырчы-бийчилери келишти.

326658
Анкарадагы фестивалда  Кыргызстан кечеси өттү

Кечээ 29-июнда Анкара шаарынын Кечиөрен районунда КРнын Түркия Республикасындагы Элчилиги жана Кечиөрен райондук администрациясы тарабынан Рамазан айына карата «Алтынчы Эл аралык Рамазан фестивалынын» алкагында Кыргызстан кечеси болуп өттү.
Алгач фестивалда Кыргыз боз үйүнүн ачылышы жасалып, анын ичине Каракол шаарынан алып келинген кыргыздын уз чеберлеринин кийизден жасалган буюмдары коюлуп, келген коноктордун кызыгуусун арттырып, каалоочулар сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.
Кеченин расмий бөлүгү КРнын жана Түркия Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен башталды.
Фестивалда Түркия Республикасынын Экология министри Идрис Гүллүже, КРнын Түркия Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, , Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Мустафа Ак жана Каракол шаардык кеңешинин төрагасы, депутат Афтандил Абдыкадыров фестивалдын ачылышында сөз сүйлөп, жалпы элди Рамазан айы менен куттукташты.
Катышуучулардын арасында Түрксойдун баш катчысы Дүсен Касейинов, Кыргызстандын Түрксойдогу өкүлү Кожогелди Култегин, Кыргызстандын Түркиядагы Кайсери шаарынын ардактуу консулу Мустафа Курт, эл өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Түркиядагы Кыргызстандыктар жана Анкара калкынан турган калың топ орун алды.
Кеченин катышуучуларына Кыргызстандан келген «Айкөл» тобу жана Ысык-Көл областтык музыкалык драма театрынын «Жаш тилек» бий ансамбли өнөрлөрүн тартуулап, майрамдык маанай жаратты. Маалымат катары айтсак фестиваль Рамазан айынын биринчи күнү башталып, куттуу айдын соңуна чейин уланат.

 

Сүрөттөрдү толук көрүш үчүн муну басыңыздар!

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар