Түрк командасы Бельгияны жеңди

Бакуда Европа оюндары уланып жатат.

308499
Түрк командасы Бельгияны жеңди


«Баку-2015» Европа оюндарында Түркиянын волейбол боюнча айымдардан турган курама командасы «А» тайпасындагы үчүнчү таймашында Бельгияны 3-0 эсебинде жеңди.
Түркиянын командасы Crystal Hallда ойнолгон жана 1 саат 16 мүнөткө созулган оюнда 25-16, 25-15 жана 25-18 эсебинде утуп алып, удаама-удаа экинчи жеңишине жетишти.
Улуттук команда тайпасындагы биринчи мелдеште Польшага 3-2 упай эсебинде утулуп, экинчи таймашта болсо Италияны 3-0 эсебинде жеңген болчу.
Түркия оюндардагы түртүнчү мелдеште 16-июнь жума күнү Румыния менен таймашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар