БУУда Түрк Кеңеши рецепсиясы

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) эл аралык жамаатка таанытылуусу максатында БУУда рецепсия берилди

277079
БУУда Түрк Кеңеши рецепсиясы

Кеңештин кезектешкен башкаруучусу болгон Түркиянын БУУнун миссиясы уюштурган рецепсияга бир топ өлкөнүн БУУнун туруктуу өкүлчүлүктөрүнөн дипломаттар менен бирге кеңешке мүчө болбогон Түркмөнстан жана Өзбекстандын туруктуу өкүлдөрү да катышты. Рецепсияда 2009 - жылы курулган жана Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан мүчө болгон Түрк Кеңешинин өнүгүшү, максаттары жана көз карашын тема кылып алган таанытуу фильми көрсөтүлдү.
Түрк Кеңешинин баш катчысы Рамил Хасанов Европадан Кытайга чейин созулган көпүрөө болгон түрк дүйнөсүнүн энергетика жана соода тармагында стратегиялык проектилеринин бар экенин жана кеңештин маанисинин барган сайын өсүп баратканын белгиледи. Хасанов : «Келечекте потенциал мүчө Түркмөнстанды да көрө турган болсок жаратылыш газ, нефть жана суу резервдеринин Европага ташылуусун жана Европадан бул жерге алып келинүүсүн ойлоно турган болсок Түрк Кеңешинин канчалык маанилүү экенин көрөбүз»,- деди.
Түркиянын БУУнун туруктуу өкүлү Халит Чевик болсо Түрк Кеңеши курулган күндөн баштап экономикалык, саясий жана маданий тармактарда так кадамдарды таштоо менен өнүккөнүн баса белгиледи. Чевик Түрк Кеңешинин : «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасындагы маданий жана принцип биримдигинин түзүлгөн механизмдердин арачылыгы менен дагы да күчтөнүүсүнө мүмкүнчүлүк түзө турган курулуш»,- экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар