Кипр сүйлөшүүлөрү

Кипрде сүйлөшүүлөр кайрадан башталды

276128
Кипр сүйлөшүүлөрү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы менен рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис тарапсыз аймакта жолугушту. Жолугушууларда Акынжы жана Анастасиадисти сүйлөшүүчүлөр Өздил Нами менен Андреас Маврояннис менен делегациясы коштоду.
БУУнун баш катчысынын Кипр атайын өкүлү Эспен Барт Эйде де катышкан жолугушууда мындан кийинки процесстин кандай форма алары жана жолугушуулардын канчалык аралыкта өткөрүлөрү каралат. Октябрь айында рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадистин Барбарос Хайреттин Паша кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги сейсмологиялык изилдөө иштерин шылтоолоп сүйлөшүү столунан туруусу менен сүйлөшүүлөр токтотулган болчу. Баалашуу процессине өткөндөн мурда токтоп калган сүйлөшүүлөрдүн мындан кийин калган жерден башталып же башталбай турганы да бүгүнкү жолугушууда каралат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар