Түркия керкүктүк түркмөндөргө жардам берди

Түркиянын жардам мекемелеринен Түрк Кызылайы Керкүктөгү 500 үй-бүлөгө азык түлүк жардамын жеткирди.

259506
Түркия керкүктүк түркмөндөргө жардам берди

 Ирактагы кагылышуулардын себебинен лагерлерде жашап жатышкан түркмөндөрдү Түркия унуткан жок.
Иракта ДАИШ террору күчөшүнүн себебинен Түрк Кызылайынын түркмөндөргө карай жардам иш-чаралары да уланууда. Керкүктөгү жардам таркатуу программасына Түрк Кызылайынын башкы директор орун басары Минтаз Шимшек өзү да катышты.
10 айдан ашуун мөөнөттөн бери Түрк Кызылайы катары Иракта экендиктерин баса белгилеген Шимшек, Керкүктөгү 500 үй-бүлөгө азык түлүк жардамын бергендерин айтты.
Шимшек, Керкүктө «Эне менен баланын ден-соолугу борборун» ачууну каалагандарын айтты.
Ирактагы зомбулук окуяларынын себебинен он миңдеген түркмөн үй-бүлөсү, көптөгөн ай бою Түрк Кызылайы тарабынан жасалган жардамдар менен жашап жатышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар