Германияда түрк министр коркутулуп жатат

Түрк тектүү министр Айдан Өзогуз күнүгө ондогон өлүм коркунучун алганын айтты.

234966
Германияда түрк министр коркутулуп жатат

Германиядагы коалициялык өкмөттө миграция, шайкештик жана качкындар боюнча жооптуу министр, түрк тектүү Айдан Өзогуз күнүгө ондогон өлүм коркунучун алганын айтты.
Социал деморкатиялык партиянын мүчөсү Айдан Өзогуз Германияда чыккан «Вельт ам Зонтаг» гезитине берген маегинде күнүгө телефон, кат же социалдык медиа аркылуу «сенин ордун дарга», «мусулмандар өлкөнү дароо таштап кетсин» сыяктуу өлүм коркунучтарын жана коркутууга толгон маалыматтарды алганын белгиледи.
Коркутуулардан корпогонун айткан Өзогуз: «Социалдык медиа аркылуу жасалган коркутуулар тууралуу Facebookка жасаган кайрылууга жооп ала алган жокпуз. Мындай түрдөгү коркутуулар мага жасалганы сыяктуу Берлинде да бир топ министр жолдошубузга жасалууда»-деди.
Министр Өзогуз жазуу түрүндөгү коркутууларды полицияга билдиргендерин, бирок так көрсөткүч болбогону себеби менен кандайдыр бир процедура жасалбаганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар