Ислам Каримов кайрадан президент болду

Өзбекстанда Ислам Каримовдун кайрадан президент болуп шайланганы расмий жарыяланды.

230467
Ислам Каримов кайрадан президент болду


Борбордук шайлоо комиссиясы 29-мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялады. Буга караганда Ислам Каримов добуштардын 90,39 пайызын алып кайрадан президент болуп шайланды.
Катышуу көрсөткүчү 91,08 пайыз болгон шайлоодо Элдик Демократиялык партиясынын жетекчиси Хатамжан Кетманов добуштардын 2,92 пайызын, Адилет социал-демократиялык партиясынын жетекчиси Нариман Умаров 2,05 пайызын, Улуттук кайра жаралуу партиясынан укукчу Акмал Саидов да 3,08 пайызын алды.
Өлкөдө шайлоо мыйзамына ылайык 5 жылга шайланган президент, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялагандан кийин эң кеч 2 айдын ичинде парламенттин жалпы кеңешинде ант берип кызматын баштайт.
Өлкөдө 1990-жылдан бери бийликте турган Ислам Каримов 2007-жылдын декабрындагы шайлоодо добуштардын 88,1 пайызын алган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар