Америкада жашаган түрктөр чоң демилге көтөрүүдө

Түрктөр борбор шаар Вашингтон, Нью-Йорк, Техас жана Массачусетстеги маанилүү жерлерде афишаларды илдирип, жарыяларды жасай башташты.

226626
Америкада жашаган түрктөр чоң демилге көтөрүүдө

Америкада жашаган түрктөр армяндардын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Түркияга каршы жүргүзгөн жамандоо акцияларына каршы чабуулга өттү.
Түрктөр борбор шаар Вашингтон, Нью-Йорк, Техас жана Массачусетстеги маанилүү жерлерде афишаларды илдирип, жарыяларды жасай башташты.
Борбору АКШдагы 145 Түрк-Америка бейөкмөт уюмдары тарабынан түзүлгөн Координациялоо комитети, бул демилгенин алгачкы жери катары борбор калаа Вашингтондогу айрым метро бекеттери менен автобус аялдамаларына чоң афишаларды жайгаштырды. Афишаларда «Бизди бириктир, бөлбө» деген ураан колдонулду.
Алдыбыздагы күндөрдө да Turkish Institute for Progress тарабынан да Нью-Йорк, Техас жана Массачусетс шаттарында ачык асман астындагы чоң жарнамалык такталарда афишаларга жана гезит жарнамаларына орун берилет.
Америкалык түрктөр Техас, Иллинойс, Массачусетс жана Нью-Жерси штаттык кеңештеринде Түркия үчүн долбоорлорду өнүктүрүүгө аракет кылышат.
Армян диаспораларынын белгилүү бир бөлүмүнүн барган сайын көбөйгөн пропагандалоо кыймылдарына каршы «Let History Decide» б.а.тарых чечим чыгарсын деген ураан менен иш-чарасын жүргүзгөн интернет барагын түзгөн Координациялоо комитети, 18-апрелде твиттерде #lethistorydecide hashtag’ колдонуп кампания баштайт.
Комитет, армяндардын 1915-жылдагы окуялары белгиленген 24-апрелде Вашингтондо түрктөр менен армяндардын ортосунда достук көпүрөлөрүнүн курулушу үчүн «Тынчтык жана колдошуу» урааны менен жүрүшкө чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар