Дүйнөлүк Азербайжан геноцид күнү

Армяндар жасаган геноцид унутулбайт

289186
Дүйнөлүк Азербайжан геноцид күнү

31 - март дүйнөлүк Азербайжан геноцид күнүнөн улам Европа Биримдигинин борбор шаары Брюсселде да бир протест митинги өткөрүлдү. Европанын ар башка шаарларынан келген түрктөр «Хожалыга адилеттик» жана «Европа эң негизги геноцидин тааны» деген ураандар менен жүрүштү.
Азербайжан, Түркия жана Чыгыш Түркстан желектери Европа Биримдигинин жүрөгүндө жанаша желбиреди. Азербайжанда жана Түркиянын чыгышында жасалган армян геноцидин эскерүүнү каалагандар Европа парламентинин жанында Люксембург аянтында жолугушту.
Митингге катышкандар Армениянын 31 - мартта Азербайжан түрктөрүнө жасаган геноцидди таануусуна карабастан Европа инсанына бул чындыкты эске салды. Калың топ басма сөз билдирүүсүнүн окулушунан кийин ураандар менен митингге чыгышты.
Армения элчилигинин алдына чогулган топ бул жерде да : «Бүткүл дүйнө 31 - март геноцидин таанысын. Армяндар жерибизден чыгышсын. Биздин талабыбыз укук жана адилеттик»,- деп үн салышты. Топ Европа парламентине сунуштаган каттын бир нускасын да Армения элчилигине тапшырды. Катта Армениянын басып алган жерлерден чыгуусу, көчмөн статусундагы 1 миллиондон ашуун азербайжандыктын жерлерине кайтып келүүсү, Хожалы геноцидинин расмий таанылуусу жана Түркияга багытталган күнөөлөөдөн баш тартуу талаптары орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар