Анкарадагы кыргыздар Нооруз майрамын майрамдашты

Анкарадагы кыргыздар Нооруз майрамын кызуу майрамдашты.

278210
Анкарадагы кыргыздар Нооруз майрамын майрамдашты

Жер жарылып көк чыгып, желин айрылып сүт чыгып, күн менен түн теңелди.
2015-жылдын 22-мартында эзелтен берки ата салтына айланган Нооруз майрамын Түркиядагы кыргыздар Анкарада белгиледи. Өз эли-жеринен алыс болсо да минтип нукуралуулугун жоготпой каадасы менен салтын, кадыры менен баркын бийик баалап тургандары жүрөк кубантат экен. Жаш-кары дебей чогулган кыргыздар бири-бири менен жакындан таанышып өз бир туугандарына жолуккандай кубаныч менен жүрүштү. Байыртадан бери эле бул күндү ызааттаган кыргыздар, кылымдап келе жаткан жоокер элдин канына сиңип, калыбына ылайыкташкан улуттук оюндарын да унутта калтырышкан жок. Кадимкидей эле «Аркан тартыш», «Бука тартыш», «Чүкө атмай» деген сыяктуу оюндарды ойношуп опол тоодой дем, кубат алып жатышты.

Таң калганыбыз, биз билбеген эски оюндарыбыз дагы вандык кыргыздардын уюштуруусунда ойнотулду. Ал оюндар, «Шам жатты», «Ашык атмай», «Орус тебиш», «Бука тартыш» деген сыяктуу кийинки мезгилдерде унутта калып бараткан оюндар экенин түшүндүк. Жалпы чогулган кыргыздар күнүмдүк көр тирликтин кайнаган казанынан бир аз болсо да оолактай түшүп, оюн-зоок менен орду толгус көңүлдөрүн көтөрүп, учкан куштай убакыттын тардыгына айласыздан баш ийип аргасыз араң коштошуп, иш-чараны уюштурган «Кыргызстан достук жана маданият» коомуна терең ыраазычылыктарын билдирип ички ишенимдерине илгери үмүт жандыруу менен иш-чараны жыйынтыкташты.

Сүрөттөрдү толук көрүш үчүн муну басыңыздар!

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар