Папа менен Алиев жолугушту

Папа менен Алиевдин ортосундагы жолугушуу жылуу өттү

251986
 Папа менен Алиев жолугушту

Ватикандын мамлекет башчысы Папа Франциск Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту. 25 минутага созулган жолугушууда кагылышуулардын токтотулуусу боюнча диалогдун мааниси тууралуу токтолушту. Ватикандан жолугушуу тууралуу жасалган расмий билдирүүдө Папанын Илхам Алиев менен жубайы Мехрибан Алиеваны эрте мененки сааттарда папалык сарайында кабыл алганы белгиленип, эки лидердин ортосундагы жолугушуунун жылуу өткөнү билдирилди. Маалыматта эки лидердин Ватикан жана Азербайжандын ортосундагы карым – катнаштардын өнүгүүсүнөн улам ыраазычылык билдирилип, өлкөдөгү католик коомуна байланыштуу темалар менен тынчтыкты колдоо үчүн маданияттар аралык жана диндер аралык диалог демигелери тууралуу токтолушканы белгиленди. Жолугушууда эки тараптын аймактык жана эл аралык абалдарды да карап чыгышканы жана кагылышуулардын токтотулушунда диалогдун маанисине, ар башка диний топтор менен калктардын тынчтык ичинде бирге жашоо шарттарын колдоо үчүн билим берүүнүн маанисин баса белгилешкендери билдирилди. Алиевдин Папа менен жолугушуусунун 25 минутага созулганы белгиленип, конок президенттин руханий лидерге Азербайжан килеми менен Азербайжандагы ыбадат жерлерин көрсөткөн бир китеп белек кылганы билдирилди. Папа да Алиевге «Тынчтыктын периси» медалы менен Азиз Петрус аянтынын байыркы көрүнүшү тартылган марка белек кылды. Президент Алиевдин Папа менен жолугушуусунан кийин Ватикан мамлекеттик секретары, кардинал Пьетро Паролин менен да жолугушканы билдирилди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар