Азербайжан территориясынын 20 пайызы армян баскыны астында
Азербайжандыктардын трагедиясы күн тартибиндеги ордун сактап жатат
Тоолуу Карабах маселеси 20 жылдан ашуун убакыттан бери чечиле албай келет. Баскындан улам жерлерин таштап кетүүгө мажбур болгон азербайжандыктардын трагедиясы да күн тартибиндеги ордун сактап жатат. Басып алуудан улам бир миллиондон ашуун азербайжандык жерлеринен алыста жашоодо. Түркия болсо Тоолуу Карабах маселесинин чечилүүсүндө Азербайжандын жанында.
Түркиянын Бакудагы элчиси Алпер Жошкун басып алуудан улам мажбур түрдө көчүүгө учураган азербайжандыктар менен борбор шаар Баку жакындарында жолугушту. Алпер Жошкун оболу бир мектепке барды, бул жерде окуучулар менен маектешти. Карабах көчмөнү бир үй – бүлөгө конок болгон Жошкун үй – бүлө мүчөлөрү менен узун убакыт сүйлөштү. Жошкун : «Мекендеринен качууга мажбур болгон кишилерден сөз кылуудабыз. Буйруса бул баскын соңуна чыгат. Аймакта адамдар бактылуу жашашат»,- деди.