Мевлүт Чавушоглу Азербайжанда

Чавушоглу алгач президент Илхам Алиев менен жолугушту.

236398
Мевлүт Чавушоглу Азербайжанда

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий иш сапары менен Азербайжанга барды.
Мевлүт Чавушоглу программасын Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуп баштады.
Болжол менен 1 саатка созулган жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнаштары сүйлөшүлдү.
Министр Чавушоглу 2 күнгө созула турган сапарынын алкагында Азербайжандын премьер-министри Артур Расизаде, парламентинин төрагасы Октай Асадов жана тышкы иштер министри Элмар Меммедияров менен да жолугушат.
Чавушоглу эртең болсо Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен чогуу Хожалы кыргынын эскерүү аземине катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар