Мары шаары "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп аталды
Мары шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамын Татарстандын баш калаасы Казандан өткөрүп алды.
200409
Эл аралык түрк маданият уюму ТҮРКСОЙдун туруктуу кеңеши 2015-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары Түркмөнстандын Мары шаарын тандады.
Мары шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамын Татарстандын баш калаасы Казандан өткөрүп алды.
Бул наам 2013-жылы болсо Түркиянын Эскишехир шаарында эле.
ТҮРКСОЙ 2012-жылдан бери «Түрк дүйнөсүнүн маданий борборун» атап келет. Иш-чаранын максаты шаарлардын маданий байлыктарын байытуу болуп саналат.