Крымда татарларга карата кысым улантылууда

Синавер Кадыров башкаруу Крымдан сүргөн төртүнчү киши болду

196052
Крымда татарларга карата кысым улантылууда

Крымдан Украинага өтүүнү калаган Крым татар калкынын укуктарын коргоо комитетинин координаторлору Абмесжит Сүлейманов, Искендер Бариев жана Синавер Кадыров чек арадагы текшерүү жеринде токтотулду.
Украинанын Херсон шаарынан медициналык дарылануу үчүн Стамбулга келүүнү пландаган бул кишилердин орус чек ара гвардиясы тарабынан токтотулганы жана чек арада 7 саат кармалганы билдирилди. Андан кийин Искендер Бариев жана Абмесжит Сулейманов эркин коё берилди. Синавер Кадыров болсо Эрменипазар шаардык сотуна алып барылды. Сот Синавер Кадыровдун Орусиянын мигранттар мыйзамын бузганын ортого салып 2 миң рубль акчалай жаза жана өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Сотто орус паспортун алууну чечтке каккан жана Украина жараны болгон Кадыровдун Орусияда чет элдиктер эң көп үзгүлтүксүз калган 90 күндүк мөөнөтүн ашканы айтылды. Бирок Кадыровдун декабрь айында Крымдан чыкканы, андан кийин кайрадан жарым аралга киргени билдирилүүдө. Кадыров сот чечимин аппеляциялык сотко берерин билдирди. Синавер Кадыров башкаруу Крымдан сүргөн төртүнчү киши болду. Андан мурда Крым татар калкынын улуттук лидери Мустафа Абдүлжемил Крымоглу, Крым татар улуттук парламентинин төрагасы Рефат Чубаров жана Крым татар улуттук парламентинин төрагасы Түркия кеңешчиси, Крым кабар агенттигинин генералдык координатору Исмет Йүкселге 5 жылдык мөөнөт менен Крымга кирүүсүнө тыюу салынган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар