Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды

Мевлүт Чавушоглу Кипрды тынчтык жана ырааттуулук аралы кылуу чакырыгын таштады...

185753
Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды.
Министр Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларынын алкагында эң оболу президент Дервиш Эроглу тарабынан кабыл алынды.
Орто эсеп менен 3 саатка созулган жыйналыштан кийинки маалымат жыйынында президент Дервиш Эроглу, сүйлөшүүлөрдө акыркы абалды карап чыккандарын айтты.
Сүйлөшүүлөрдүн улантылышын каалагандарын белгилеген Эроглу, рум тарабына шартсыз түрдө сүйлөшүү үстөлүнө кайтуу чакырыгын салды.
Чавушоглу да Кипр маселесинин чечилишинин түрк тышкы саясатынын негизги элементтеринен бири болгонун айтты.
Кипрдык түрктөрдүн жаман абалда же азчылык абалга түшүрүлүшүнө уруксат бербей тургандарын эске салган тышкы иштер министр, «Түркия бардык шартта Кипр түрк калкынын жанында орун алуусун улантат»-деди.
Мевлүт Чавушоглу рум бөлүгүндөгү саясий лидерлер менен биргелеше маселени чечүү жана Кипрды тынчтык жана ырааттуулук аралы кылуу чакырыгын таштады.
Чавушоглу андан соң парламент төрагасы Сибел Сибер тарабынан кабыл алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар