Тарыхка сапар же Ататүрктү атактуу кылган Босфор кысыгы

Көптөн бери көксөгөн тилек орундалып, көргүм келген тарыхый шаарга сапар тартып бараттым.

172182
Тарыхка сапар же Ататүрктү атактуу кылган Босфор кысыгы

   Көпчүлүк Стамбулдун кооздугуна гана кызыгышы мүмкүн. Бирок миңдеген жылдар бою аталган калаада эмне окуялар орун алып, кандай күндөр өткөнүн сурап билгендер аз болсо керек. Анын үстүнө жаңы муундун арасында дүйнө тарыхына кызыгуу жоголуп баратканын эч ким тана албайт. Байыркы Рим, Византия, Осмон империясы, айтор, жүз эмес миңдеген жылдар бою улуу державалардын борбору болгон бул аймактын таржымалы бала кезимден эле Стамбулга болгон кызыгуумду арттырчу. Андыктан саякатым жөн гана кооз шаарга эмес, орчун окуяларды өзүнө камтыган чоң тарыхка сапар эле...
   Азыркы Стамбулдун буга чейинки ар бир аталышы тарыхый мааниге ээ. Биздин заманга чейин Рим императору Константин Рим шаары сырткы коркунучтарга туруштук берүүдө кооптуу болуп турганынан чочулап, борбор калааны көчүрүүнү максат кылган. Кубаттуу империянын курамындагы бир нече коопсуз шаарлар болгонуна карабай Босфордун жээги бекеринен тандалбаса керек (тарыхчылар да өзгөчө маани беришет). Дал ошол учурдан тартып империянын жаңы доору башталган. Азыркы Стамбул, андагы Константинополь тууралуу эмне деген гана тарыхый-илимий эмгектер жазылды. Анын ар бири Босфор кысыгы үчүн болгон талаштар кылымдар бою өкүм сүрүп келгенин айгинелеп турат. Ар заманда сооданын борбору болуп, кербен, кемелер кыя өтпөгөн стратегиялык маанилүү шаар азыр да дүйнөнүн борбору абалында (суткасына миллионго жакын адам кирип чыгат). Римден кийин 1000 жылдан ашуун убакыт өкүм сүргөн Византия империясынын таржымалы да бай тарыхка ээ. Нечендеген доорлорду карыткан жоокердик заманда державалар улам алмашып, бири талкаланса экинчиси жашоосун улап келди. Байыркы заманда дорийлер (Кийинчерээк Грециянын аймагында айтылуу Спарта мамлекетин түптөгөн көчмөндөр) байырлаган Византий шаары (Константинополдун мурдагы аталышы) Рим жоюлгандан кийинки кубаттуу өлкөнүн Византия деп аталышына себепчи болгон. Чөлкөмдө элдер, мамлекеттер алмашып жатты. Бирок, Константинополь кубаттуу өлкөлөрдүн баа жеткис борбору бойдон кала берген.
  1453-жыл ар бир түрк атуулу үчүн улуу тарыхый учур экени талашсыз. Анткени ата-бабалары, Осмон империясы дал ушул жылы Константинополду каратып, дүйнөлүк тарыхта орду бар Византия толугу менен кыйраган. Ошентип Стамбул аталышына ээ болгонго чейин эле калаа 4 державанын борбору болуп келген. Рим, Византия, Латин (Крестүүлөрдүн жортуулунан улам Византия убактылуу кулап, анын ордуна түптөлгөн империя) Осмон. Эбегейсиз мейкиндикке ээ бул мамлекеттердин салт-санаалары, маданияттары да өзгөчө. Бири экинчисин кыйратып өкүмдарлык кылууга жетишкен тарап жеңилүүгө дуушар болгондордун шаардагы баалуулуктарын сактоого аракет кылышкан. Бул айрым байыркы жаангер кол башчылардын канчалык эрегишсе да душмандарыныкы болгонуна карабай маданиятты урматтаганынан кабар берип турса керек. Константинополдо түрлүү диндердин өкүлдөрү аралашып жашаганы да көңүлгө алчу жагдай.
   Мурда-кийин окуп билген аздыр-көптүр тарыхый маалыматтарды бир сыйра эстегиче шаарга да жетип бардык. Баатырлар коргогон, султандар жердеген тарыхый калаа көз алдымда турду. Албетте, Константинополь азыр дүйнөдөгү алдыңкы шаарлардан артта калбаган заманбап Стамбулга айланган. Бирок, кылымдарды карыткан чеп, мечит, мунаралар, султандардын ордосу болгон «Топкапы» нукуралуулугун жоготкон эмес экен. Европа менен Азияны ажыратып, Кара деңиз менен Мрамор деңизин бириктирип турган Босфор кысыгы өзгөчө таасир калтырды. Дал ушул жер кеме соодасына кеңири жол ачкан стратегиялык тилке. Стамбул канчалык керемет калаа болсо, анын жарым куну Босфорго таандык экенин айткандар арбын. Бул үчүн нечен эрлер башын канжыгага байлап, кан дарыядай аккан. Адамзат тарыхындагы чыр-чатактар кургак жерди талашуудан гана эмес, деңиздер үчүн да тутанганын эстедим. Ал эми Босфор жерге да, сууга да болгон кызыкчылыктардын чордонуна айланган тилке экени маалым. Башкасын эске албай эле, соңку тарыхка үңүлүп көрсөк.
   Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшү Босфорду аттап өткөн эмес. Түрктөрдүн каршылаштарынын (Антанта) кысык аркылуу андан ары жүрүүгө жол ачуу аракети Мустафа Кемаль Ататүрктүн башчылыгы алдында Чанаккале согушунда токтотулган. Бул жеңиш болбогондо бара-бара Стамбул басып алынып, Босфор пайдаланылып, түрктөр үчүн түйшүктөр жаралмак эле. Демек, Ататүрктүн атын алгачкы ирет алыска угузган окуя боштондук күрөшүнүн алкагындагы Константинополь, андагы Босфор үчүн болгон кармаш - Чанаккале (Дарданелл) согушу эсептелет. Баатырды тарыхый шарт, кырдаал жаратат. Мындан туура жүз жыл мурда болгон окуя түрк элине даңазалуу инсанды тартуулаган.
Албетте, Стамбулдагы азыркы турмуш башкача. Өнөр-жайы гүлдөп, калкынын катары калыңдап бараткан калаа учурда ири мегаполистердин бири. Жүздөгөн жылдар бою кебелбеген шаар өнүгүүнүн үстүндө. Жоокердик замандын артта калышы буга жагымдуу жагдай түзүп турат. Босфордо кеме саякатын жасап жатып кызыктуу көрүнүштөрдү учураттык. Жакын жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн жээкти карап турган бөлүгүндөгү батирлери башка тарабындагыдан дээрлик 2 эсеге кымбат экен. Анткени ажайып кооздукка ээ табият көргөн жанды кайдыгер калтырбайт.
   Жергиликтүү элдин кичине балдарынан тартып Босфордун, Стамбулдун, деги эле Түркиянын тарыхын жатка билгени мекенди сүйгөнүнөн кабар берсе керек. Өткөндү унутпай, андан сабак алып, бабалардын кан-жанынан жаралган мамлекетти ардактоого үндөгөн идеология өз жемишин берип жатыптыр. Саякатым да соңуна чыгып, императорлор, султандар байырлаган шаардан алыстап бараттым.

Калыгул Асамбаев


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар