Куртулмуш президент Атамбаевдин кабыл алуусунда болду

Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуштун Кыргызстанга жасаган иш-сапары жыйынтыкталды.

163277
Куртулмуш президент Атамбаевдин кабыл алуусунда болду

Ал Бишкекте эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына катышып, кызматташтык маселесин талкуулады. Кол коюлган протоколдо соода, инвестиция, билим берүү, өнөр-жай жана технология сыяктуу бир топ тармактардагы алакалар камтылган. Куртулмуштун айтымында жетишилген бул келишим Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн эки өлкө жетекчилиги көптөн бери максат кылып келген миллиард долларга жеткирүүгө өбөлгө түзөт. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин да кабыл алуусунда болуп, соода-экономикалык комиссиянын 8-жыйынынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Өлкө башчы өз кезегинде кыргыз-түрк кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп өттү. Ал Бишкекте эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына катышып, кызматташтык маселесин талкуулады. Кол коюлган протоколдо соода, инвестиция, билим берүү, өнөр-жай жана технология сыяктуу бир топ тармактардагы алакалар камтылган. Куртулмуштун айтымында жетишилген бул келишим Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн эки өлкө жетекчилиги көптөн бери максат кылып келген миллиард долларга жеткирүүгө өбөлгө түзөт. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин да кабыл алуусунда болуп, соода-экономикалык комиссиянын 8-жыйынынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Өлкө башчы өз кезегинде кыргыз-түрк кызматташтыгы ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп өттү. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар