Түркия менен Кыргызстан меморандумга кол коюшту

Бишкекте кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү.

161358
Түркия менен Кыргызстан меморандумга кол коюшту


Бишкекте өткөрүлгөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Түркия менен Кыргызстандын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Меморандумга Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев кол коюшту.
Куртулмуш жыйындагы сөзүндө, кол коюлган келишимдин эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн 1 миллиард доллардан ашыруу максатында түзүлө турган кызматташууну камтыган жол картасынын кызматын көрөөрүн белгиледи.
Жыйындын күн тартибинде Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода, экономика, бажы иштери, илим, өнөр жай жана технология, транспорт, энергетика, эмгек жана социалдык коопсуздук, айыл-чарба, токой жана суу иштери, экология жана шаар пландоо, маданият жана туризм, билим берүү, саламаттык сактоо, стастистика менен техникалык жардам тармактарында кызматташуу темалары орун алды.
Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтык декларациясында 2014-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанга экспорттун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14,2 пайыз өсүп 355 миллион доллар, Кыргызстандан импорттун болсо 87,9 пайыз өсүп 50 миллион 700 миң доллар болгону белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар