Түркия Кыргызстанга жардам көрсөтүүсүн улантат

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кириши эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты кеңейтээри билдирилди.

161018
Түркия Кыргызстанга жардам көрсөтүүсүн улантат

Түркия Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жардам көрсөтүүсүн улантат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Нуман Куртулмуш Бишкекте өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кириши эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты кеңейтээрин да кошумчалады. Жыйында билим берүү, маданий алакаларды талкуулоо да четте калган жок. Кыргыз жаштарынын Түркияда билим алышынын маанилүүлүгү баса белгиленип, студенттердин, журналисттердин туристтик сапарларын уюштуруу макулдашылды. Келишимдердин бирине ылайык 2015-жылы Түркияда Кыргызстандын, Кыргызстанда Түркиянын маданият күндөрү өтөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар