Уйгур түрктөрү

Уйгур түрктөрү Кытайда көргөн зулумчулукка чыдабастан мекендерин таштап кетүүгө мажбур болушту

157696
Уйгур түрктөрү

 Узулумчулуктан качкан 360 киши чек ара эрежелерин бузду деген негиз менен Таиланд полициясы тарабынан камоого алынды. Бир жылдан бери лагерлерде кармалган уйгур түрктөрүн куткаруу үчүн Түркиянын аракеттери улантылууда. Аял жана балдар болгон 360 киши өлүмдөн качып Түркияга келүүнү каалап жаткан. Таиланд – Малайзия чек арасына чейин келишти. Чек арада Таиланд полициясы кармап лагерге алып барылган. Дүйнөлүк уйгур конгрессинин төрага орун басары Сейит Түмтүрк Таиландда уйгур түрктөрүн зыярат кылды.
Түмтүрк : «Түркия мамлекети бул боордошторубуз Таиланд чек арасын бузуу менен кармалгандыктан Банкоктогу элчилигибизден эки жооптуубуз барып бул боордошторубуздун бардык статистикалык маалыматтарын чогултту жана Түркияга тапшыруу аракеттерин баштады. Түркиянын бул иштери жана аракеттери боордошторубуздун Түркияга келишине мүмкүнчүлүк түзөт деп ойлойбуз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар