Түрк мамлекеттери ЮНЕСКОдо биргелеше иш алып барат

ЮНЕСКОго мүчө түрк мамлекеттери орток мурастардын корголуусуна карата күчүн бириктирүүдө.

152597
Түрк мамлекеттери ЮНЕСКОдо биргелеше иш алып барат


Түрк тилдүү мамлекеттер түрк дүйнөсүнө таандык салттык жана маданий мурастардын корголуусу жана таанытылуусу үчүн биргелеше иш жүргүзүүгө чечим чыгарышты.
Азербайжандын борбору Бакуда ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКОдогу Улуттук комиссия жана комитеттеринин бешинчи жыйыны болду.
Жыйында ЮНЕСКОнун карамагында орток маданий мурастардын таанытылуусу жана корголуусу темалары каралды.
Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мемедияров, Тоолуу Карабах маселеси боюнча катышуучуларга маалымат берди жана армян басып алуусунан жапа чеккендер менен катар маданий мурастардын да жок кылынгандыгын белгиледи.
ТҮРКСОЙдун башкы директору Дүсен Касеинов да түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарынын корголуусу жана таанытылуусун камтыган орток долбоорлордун ишке ашыруусунун маанилүү экенин баса белгиледи.
ЮНЕСКОдо лаваш наны боюнча келишпестиктерди эске салган Азербайжандын маданият жана туризм министри Эбулфез Караев болсо Түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурастары тизмесинин даярдалуусун сунуш кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар