Чыңгыз Айтматов 86 жашында ар түрдүү иш чаралар менен эскерилди

Мухтар Шаханов Айтматовдун бир гана кыргыздардын эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн сыймыгы экенин айтты

147288
Чыңгыз Айтматов 86 жашында ар түрдүү иш чаралар менен эскерилди

Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов 86 жашында ар түрдүү иш чаралар менен эскерилди. Кыргызстан – Түркия «Манас» университетинде өткөрүлгөн программада Айтматовдун өмүрү, чыгармалары жана көз караштары тууралуу сөз болду.
«Айтматовдун турмушунан үзүндүлөр» аттуу кыска кинонун көрсөтүлүүсү менен башталган программада чыгармаларынан үзүндүлөр орун алган театр сахнага чыкты. Программага катышкан катышуучулар Айтматовдун турмушун, чыгармаларынан жана көз караштарынан сөз кылышты. Чыңгыз Айтматовдун жакын досу казак жазуучу, акын Мухтар Шаханов Айтматовдун бир гана кыргыздардын эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн сыймыгы экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар