Стамбул форуму кыргыз ишкерлеринин башын бириктирди

Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу кыргыз-түрк алакасына доо кетирбейт.

146074
Стамбул форуму кыргыз ишкерлеринин башын бириктирди

Түркиядагы Кыргызстан достук жана маданият коому менен Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун уюштуруусунда кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк бизнес форуму өтүүдө. Иш-чара Стамбулдагы соода палатасынын башкы кеңсесинде башталды.
Анда бажы биримдигине кошулууга жана кыргыз-түрк кызматташтыгына байланышкан маселелер талкууланып жатат. Иш-чарага Түркия менен Кыргызстандын тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү, дипломаттар жана ишкерлер катышууда. Стамбул соода палатасынын башкаруу кеңешинин төрага орун басары Дурсун Топчу түрк ишкерлери тарабынан Кыргызстанга 1 миллиард долларлык инвестиция жасалганын, курулуш ишканалары 700 миллион долларлык долбоорлорду кабыл алышканын белгиледи. Анын айтымында ишкерлер бул жааттагы Кыргызстандын потенциалы жогору экенин билишет. Тиешелүү мекемелердин маалыматына таянсак эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 400 миллион доллардан ашат. Форум катышуучулары бул көрсөткүчтү жогорулатуу маселесине көбүрөөк токтолушту. Маселе жогорку бийлик өкүлдөрүнүн да көңүл борборунда болуп келет. Үстүбүздөгү жылы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жаңы шайланган түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусунда товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү зарылчылыгы айтылган. Кыргызстандан келген делегация өлкөдө инвестициялык абал жакшырганын белгилеп, ишкерлерди кызматташууга чакырышты. Кыргыз-түрк ишкердик кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы Ахмет Кая эки өлкө жетекчилигинин ишкерлер үчүн койгон өзгөчө максаттары бар экенине токтолду. Ахмет Кая Кыргызстанга кеңири инвестиция жасалышы керек экенин белгилейт. Алар кен байлыктарын иштетүүгө, банк системасын өнүктүрүүгө, Ысык-Көлгө туризм жаатында жардам берип, эт өндүрүүдө көмөк көрсөтүүгө багытталышы зарыл.
Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Түркия менен болгон экономикалык алака өзгөрбөйбү деген маселе форумдагы өзгөчө талкуунган тема болду. Эки тарап тең Бажы биримдигинин талаптары кызматташтыкка доо кетирбестигин белгилешти. Кыргыз өкмөт башчысынын кеңешчиси Олег Панкратов товар экспорттоодо болгону уюмдун техникалык талаптарын аткаруу жетиштүү болоорун айтат. Анда келтирилген маалыматка таянсак Түркия Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыкта жеңилдик берилген мамлекет.

Сүрөттөрдү көрүү үчүн муну басыңыз!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар