«Гейдер Алиев фотография көргөзмөсү»

Көргөзмөнү АзерТаг, Түркиянын Анадолу агенттиги жана Юнус Эмре институту уюштурду

146521
«Гейдер Алиев фотография көргөзмөсү»

Азербайжандын улуттук лидери Гейдер Алиевдин каза болушунун 11 – жылында эскерүү иш чараларынын негизинде Анадолу агенттиги Азербайжандын расмий кабар агенттиги АзерТаг жана Юнус Эмре институту тарабынан өткөрүлгөн «Гейдер Алиев фотография көргөзмөсү» Бакуда ачылды. Көргөзмөнүн ачылышына Азербайжандын президенттик башкаруусунун социалдык жана саясий темалар мекемесинин төрагасы Али Хасанов, ТРТнын баш директору Шенол Гөка, Анадолу агенттигинин аткаруучу директору Эбубекир Шахин, АзерТагдын баш директору Аслан Асланов, Юнус Эмре институтунун төрага орун басары Шабан Чобаноглу, депутаттар, медиа башкаруучулары жана көп сандаган конок катышты.
Али Хасанов : «Бүгүнкү көргөзмө үчүн Анадолу агенттигине Юнус Эмре институтуна жана АзерТагка рахмат айтамын»,- деди.
ТРТнын баш директору Гөка да Алиевдин : «Бир улут эки мамлекет»,- деген сөздөрүн эске салуу менен бул сөздөрдүн Азербайжан – Түркия карым – катнаштарын абдан жакшы жыйынтыктаганын белгиледи.
Азербайжан – Түркия карым – катнаштарынын Гейдер Алиев курган пайдубалдын үстүнө абдан күчтүү байланыштарды түзүү менен дагы да өнүктүрүлгөнүн айткан Гөка көргөзмөнүн уюштуруучуларына рахмат айтты.
Анадолу агенттигинин баш директорунун өкүлү Эбубекир Шахин болсо Азербайжанда өз өлкөсүндө сыяктуу сезгенин жана өз калкы менен бирге экенин айтты.
АзерТагдын баш директору Асланов да көргөзмөдө Гейдер Алиевдин фотографтарынын эки бир тууган өлкөнүн бир тууган агенттиктери болгон Анадолу агенттиги менен АзерТастын архивдеринде байлык катары сакталып турганын айтты.
Ачылуу сөздөрүнөн кийин катышуучулар Алиевдин жеке турмушуна, катышкан жергиликтүү жана эл аралык жыйындарга, дүйнө лидерлери менен өткөргөн жолугушууларына байланыштуу фотографиялар орун алган көргөзмөнү кыдырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар