Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү таанытылды

Бакуда өткөрүлгөн жыйында ишкерлерге кеңири маалымат берилди.

138300
Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү таанытылды


«Түркияда инвестиция чөйрөсү, шыктандыруу системасы жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрү» аттуу жыйын Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлдү.
Жыйында Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү тууралуу азербайжандык ишкерлерге маалымат берилди.
Экономика министрлигинин шыктандыруу жана чет өлкөлүк капитал боюнча башкы директорлугу тарабынан уюштурулган жыйында Түркиянын жалпы экономикалык көрсөткүчтөрү жана шыктандыруу системасы түшүндүрүлдү.
Түркиянын Азербайжандагы элчиси Алпер Жошкун негизги максаттын азербайжандык жана түрк инвесторлордун чогуу үчүнчү өлкөлөргө инвестиция жасоолору экенин белгиледи.
Катышуучулар Түркиядагы инвестиция чөйрөсү тууралуу да маалымат алышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар