Түркмөнстанда Азия оюндары өткөрүлөт

Бешинчи Азия оюндары комитети Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта кол коюу аземинде жолугушту

208885
Түркмөнстанда Азия оюндары өткөрүлөт

2017 Азия оюндары үчүн Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта акыркы колдор коюлду. Оюндарды өткөрө турган өлкөдө 30га жакын спорттук комплекстин курулушу улантылууда. Бешинчи Азия оюндары комитети Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта кол коюу аземинде жолугушту. Салтанаттын ачылышын аткарган Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов 157 гектарга курулган 30га жакын спорттук комплексинин курулушунун улантылып жатканын жана жалпы чыгымынын 5 миллиард долларга жетерин белгиледи. Оюндарга биринчи жолу океан өлкөлөрүнөн он жетиси да катышат.
Түркмөнстан оюндарда жалпы 62 өлкөнүн спортсмендерин коноктойт. 19 тармакта жарыштар өткөрүлө турган Азия оюндарына Түркмөнстандын эки салттык оюну да кабыл алынды. Оюндарда салттык Кушак күрөшү жана ат ойнотуу тармактарында спортсмендер жарышышат. Оюндарды комитеттин төрагасы Шейх Ахмед Ал Фархад Ал Сабах да аземде сүйлөгөн сөзүндө олимпиада уюштуруунун абдан кыйын жана маанилүү экенин айтып Түркмөнстанды куттуктады. Океания олимпиада комитетинин төрагасы Робин Митчелл да биринчи жолу катышышканы үчүн Азия оюндарына абдан чоң маани беришкендерин билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар