Түндүк Кипр Түрк Республикасында апрель айында президенттик шайл

Талапкерлердин арасында Дервиш Эроглу да бар

208765
Түндүк Кипр Түрк Республикасында апрель айында президенттик шайл

Түндүк Кипр Түрк Республикасында алдыбыздагы жылы апрель айында президенттик шайлоо өткөрүлөт. Президент Дервиш Эроглу кайрадан талапкер болорун билдирди. Эроглудан башка парламенттин спикери Сибел Сибер, мурунку сүйлөшүүчү Кудрет Өзерсай жана Мустафа Акынжы да президенттик жарышка киришерин билдиришкен. 2010 - жылдан бери президенттик кызматын аткарып келген Дервиш Эроглу да аталапкерлик тууралуу чечимин бүгүн билдирди.
11 - февралда кенен түрдөгү макулдашуу текстине кол койгонун эске салган Эроглу шайлана турган болсо чечүүчү жол үчүн мындан кийин да аракет кыларын айтты. Кээ бир жарандык коом уюмдарынын да колдоосу бар экенин билдирген Дервиш Эроглу шайлоонун фаворит талапкерлеринин арасында.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар