Элчи И.Жунусов КДМКнын мүчөлөрү менен

Элчи И.Жунусов Кыргызстан достук жана маданият коомунун мүчөлөрүн кабыл алды.

198683
Элчи И.Жунусов КДМКнын мүчөлөрү менен

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов «Кыргызстан достук жана маданият коомунун» Стамбулдагы жана Анкарадагы өкүлдөрү менен жолугушту. Буга чейин коомдун жаңы кеңсесинин ачылышына катышканын, коомдогу аткарылып жаткан иштер менен тааныштыгын билдирди. Жолугушууда элчи мекенибиз Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу, туризмди көтөрүү тууралуу айтып, бир нече түрмөк телекөрсөтүүлөрдү даярдоо боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.
2015-жылы Түркия мамлекети тарабынан берилген жерге элчиликтин имаратын салуу иштери башталаарын, ага эки жарым миллион лира каражат бөлүнгөнүн белгиледи. Көптөгөн проблемалар бар. Мисалы коом суранган маданий борбор салуу үчүн жер маселесин, анын варианттарын карап көрүү керек. Анткени элчиликтин имараты, резиденциясы, 12 квартиралык проект мурда чечилип калган экен-деп белгилеп кетти.
Дагы бир эң олуттуу маселенин бири инвестициянын жардамы менен оорукана куруу. Кыргызстанда үч миң мечит салынганын, бирок жыйырма жылдын ичинде ооруканалардын курулбаганын айтты. Декабрь айында Кыргызстанга барып, бир сыйра келишимдер боюнча такташып келээрин билдирди.
Элчи мырза ТИКА менен Бишкектеги Тарых музейин жаңылоо боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн, ал үчүн 15 миллион доллар каражат бөлүнгөнүн айтты.
Коомдун иштерин мындан да арылтуу, билим, илим жаатында да көптөгөн жаңы иштердин болоорун белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар