Түндүк Кипр Түрк Республикасы 31 жашта

Кипр маселесине токтолгон Эроглу рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадисти сүйлөшүүгө чакырд

191812
Түндүк Кипр Түрк Республикасы 31 жашта

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 31 – жылы кечээ салтанат жана чыгармачылыктар менен белгиленди. Майрамга Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек жана вице – премьер Бүлент Арынч да катышты. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Дервиш Эроглу Ата Мекен Түркияга карата колдоосунан улам Кипр калкынын ыраазычылыгын белгиледи. Кипр маселесине токтолгон Эроглу рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадисти сүйлөшүүгө чакырды. Эроглу : «Башта БУУ, АКШ жана Европа Биримдиги болуу менен эл аралык коомдон эки тараптын укуктарына сый көрсөтүүлөрүн жана Анастасиадиске бардык нерсенин сүйлөшүп чече ала турган жер болгон сүйлөшүү столуна шартсыз кайтуусу менен олуттуу эскертүү берүүсүн күтүүдөбүз»,- деди. Вице – премьер Бүлент Арынч болсо Түркиянын Кипр түрк калкынын дайыма жанында экенин белгилеп, чечүүчү жолго жакындабаган рум тарабын эскертти. Арынч : «Рум тарабынын аралдын бир гана ээси катары кыймыл кылуусуна уруксат берүүсү мүмкүн эмес. Кипр түркүнүн да аймактагы табигый булактар боюнча укуктары бар жана буга ээ чыга алат. Өлкөбүз да гарантерлук жоопкерчилик менен Кипр түркүнүн бул булактардагы негизги укуктарын коргоосу үчүн керектүү болгон бардык жардамды берет»,- деди. Майрам ар түрдүү салтанаттар менен аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар