Президент Р. Т. Эрдоган Түркмөнстанда

Эрдоганды Гурбангули Бердимухаммедов Огуз сарайында тосуп алды

184447
Президент Р. Т. Эрдоган Түркмөнстанда

Президент Р. Т. Эрдоганды бүгүн Огузхан сарайында Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов расмий азем менен тосуп алды.
Эки өлкөнүн гимндеринин аткарылуусунан кийин сүйлөшүүлөргө өтүлдү. Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө оболу президенттик шайлоодон кийин ишке ашкан өткөрүп берүү салтанатына катышуусунан улам Бердимухамедовго рахмат айтты. Түркиянын Түркмөнстандын өнүгүүсүнө салымын кошууну улантарына көңүлдөрдү бурган Эрдоган : «Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы карым – катнаштардын улантыларына ишенем»,- деди. Бердимухаммедов болсо зыяратка тарыхый маани беришкендерин белгилеп түзүлө турган келишимдердин эки өлкөнүн арасындагы достук жана бир туугандыкты күчтөндүрөрүн айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар