Эйде Түндүк Кипр Түрк Республикасында

Эйде Кипр маселесинин чечилүүсү боюнча жакшы ниетте

184679
Эйде Түндүк Кипр Түрк Республикасында

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Кипр атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде рум тарабынын жыйынды таштап чыгуусу менн үзгүлтүккө учураган Кипр сүйлөшүүлөрүн кайрадан жандандыруу үчүн аралга барды. Эспен Барт Эйде жолугушууларынын алкагында биринчи болуп Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Дервиш Эроглу менен жолугушту. Бир саатка жакын созулган жолугушуудан кийн сөз сүйлөгөн Эйде маселенин чечилүүсү тууралуу жакшы ойдо экенин айтты. Түркия жана Грецияда оң сүйлөшүүлөрдүн өткөнүн белгилеген атайын кеңешчи бул жолугушуулардан кийин бир топ жаңы сунуштар менен аралга келгенин айтты. Аралдын тегерегиндеги гидро карбон булактарынын кирешеге айлануусунун көптөгөн жылдарды аларын эске салган Эйде бул маселенин чечүүчү жол үчүн тоскоол болбошу кереткигин баса белгиледи. Эспен Барт Эйде кечки сааттарда да рум тарабына барып рум лидер Никос Анастасиадис менен жолугушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар