Эрдоган Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов президент Эрдоганды расмий азем менен тосуп алат.

183004
Эрдоган Түркмөнстанга иш сапары менен  барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Түркмөнстанга барат.
Сапар убагында экономикалык карым-катнаштар алдыңкы планга чыкмакчы.
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов президент Эрдоганды Огузхан Сарайында расмий азем менен тосуп алат.
Аземден кийин өткөрүлө турган өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушууларда экономикалык карым-катнаштардын алдыңкы планга чыгуусу күтүлүүдө.
Президент Эрдоган Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Түркмөнбашынын көрүстөнүнө да зыярат кылат.
Эрдоган андан кийин Көз карандысыздык эстелигине гүлчамбар коюп, Достук паркында көчөт отургузуу аземине катышат.
2017-жылы Түркмөнстанда өтө турган Азия оюндары үчүн курулушу уланып жаткан Олимпиада айылына бара турган президент Эрдоган, Махдумкулу университетиндеги конференцияга да катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар