Азия өнүгүү банкынын жылдык жыйыны Азербайжанда өткөрүлөт

Жыйынга 67 өлкөдөн министрлер, жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар жана адистердин катыша турганы билдирилди.

180916
Азия өнүгүү банкынын жылдык жыйыны Азербайжанда өткөрүлөт

Азия өнүгүү банкынын 48-жылдык жыйыны Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлөт.
Азия өнүгүү банкынын башкы директору Такехико Накао, 2015-жылы өткөрүлө турган жыйындын даярдыктары үчүн Бакуга барды.
Такехико Накао 2015-жылдын май айында Бакуда өтө турган жыйынга 67 өлкөдөн министрлер, жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар жана адистердин катыша турганын билдирди.
Азия өнүгүү банкынын башкы директору Накао банктын ушул учурга чейин Азербайжанга 1,64 миллиард доллар насыя бөлгөнүн, Азербайжанда мунай заттан тышкаркы тармактардын өнүгүүсүнө жана аймактык долбоорлорго колдоо көрсөткөндөрүн түшүндүрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар