Кыргызстандын элчиси КТРКнын кызматкерлерин кабыл алды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси КТРКнын кызматкерлерин кабыл алды.

179374
Кыргызстандын элчиси КТРКнын кызматкерлерин кабыл алды

Кыргызстандын Түркиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Ибрагим Жунусов КТРКнын ТРТда иш тажрыйба алмашып жүргөн кызматкерлери: Кадыр Калилов, Гүлшан Кулматова, Салтанат Калдыбаева жана Куштар Осмоналевдерди жана «ТРТ Түркия үнү» радиосунун кыргызча бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Асамбаевди кабыл алды. Элчи журналисттерди кызыктырган ар кыл мазмундагы суроолоруна жооп берди. Ошондой эле элчиликтин алдыда турган олтуттуу маселелери туурасында кеңири маалыматтар менен кабардар кылды.
Элчи өз сөзүндө Түркия менен Кыргызстандын алдыга койгон биринчи максаты экономикалык карым-катнаштар экендигин жана эки өлкөнүн соода көлөмүн 2015-жылы 1 миллиард долларга жеткирүү керектигин айтты. Ошондуктан түрк инвесторлорун Кыргызстанга тартуу үчүн шымаланып кирише тургандарын түшүндүрдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар