Көчмөндөр оюндарына алгачкы сыйлык

Бартында «Исмаил Бей Гаспринский» журналисттик жана адам укуктары сыйлыктары тапшырылды.

178282
Көчмөндөр оюндарына алгачкы сыйлык

«Исмаил Бей Гаспринский» журналисттик жана адам укуктары сыйлыктары Бартында уюштурулган аземде ээлерине тапшырылды.
Эл аралык калыстар тобу 45 башка номинацияда 50дөн ашуун мекеме, уюм жана кишиге сыйлык тапшырды.
Сыйлык аземине 7 жашындагы уйгур түркү Мүжахит Кашгарлы тамгасын бастырды.
«Исмаил Бей Гаспринский» ыр айтуу сыйлыгына ылайык көрүлгөн Мүжахит Кашкарлы айтып берген ыры менен катышуучулардын делебесин козгоду.
Пикир биримдиги боюнча сыйлык Көчмөндөр оюндарына ыйгарылып, кыргыз делегациясы сыйлыкты ТРТ-Аваздын "Көчмөндөр оюндарынан" үзүндү көрсөтүүсүнүн коштоосунда алды.
Түркменели телеканалы менен Крым Арт телеканалы Түрк дүйнөсүнүн телеканал сыйлыктарына ылайык көрүлсө, Крым маалымат агенттиги да Түрк дүйнөсүнүн маалымат агенттиги сыйлыгынын ээси болду.
Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасма сыйлыктары Зафер Каратайдын «Гаспринский Исмаил Бей» жана Неше Сарысой Каратайдын «Кырымоглу-бир элдин күрөшү» аттуу даректүү тасмаларга берилди.
Адам укуктары тармагында болсо Керкүк эл өкүлү Эршад Салих, Абдүлжемил Кырымоглу, Крым Татар Мажлиси, Сирия Түркмөн Мажлиси менен Азербайжан эл өкүлү Ганира Пашаева сыйлыкка ылайык көрүлдү.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар