Бишкектеги Аксакалдар кеңешинин жыйыны

Аксакалдар Кеңешинин 8-жыйыны Бишкекте өттү.

172599
Бишкектеги Аксакалдар кеңешинин жыйыны

Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) туруктуу кеңешүү органы Аксакалдар кеңешинин 8-жыйыны Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өттү.
Түрк Кеңешинин баш катчысы Рамил Хасановдун жетекчилигинде өткөрүлгөн Аксакалдар кеңешинин жыйынына кыргызстандык жазуучу Бексултан Жакиев, казакстандык мурдагы сенатор Адил Ахметов жана Азербайжандын эл өкүлү Фаттах Хейдаров катышты. Жыйналышка катышпай калган Түркия Республикасынын Президенттигинин башкы кеңешчиси Мустафа Исендин ордуна Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч өкүлдүк кылды. Апрель айында каза болгон кыргыз аксакалы, маркум Ишенбай Абдыразаков үчүн бир мүнөттүк таазим кылуу менен башталган жыйындын жүрүшүндө, Түрк академиясынын келечектеги иштери, 2015-жылы Казакстанда боло турган Медиа кызматташтыгы форуму, Түрк университеттер биримдигинин алкагында «Орхум» процесси менен окуучу жана академиктердин алмашуусу, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экинчисинин уюштурулуусу, Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн аймактык борборлорунун курулушу, тууган шаарлардын алкагындагы эки тараптуу кызматташуулардын төрттүк абалга айланыдырылышы сыяктуу темалар туурасында сунуш токтомдору чыгарылды.
Жыйында 9-14-сентябрь күнүндө Кыргызстандын Ысык-Көл обалсытндагы Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчисинин жыйынтыктарына да баа берилди. Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басары Адахан Мадумаров, Кыргызстанда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчисине байланыштуу мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүн маалыматтандырды. Маумаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчисинин ийгиликтүү өтүшүнө Түрк кеңешинин чоң салым кошконуна көңүл буруп, оюндарды түз эфирде дүйнөгө көрсөткөн ТРТ-Аваз каналына ыраазычылыгын билдирди. Мадумаров оюнчулардын 19 өлкөдөн катышканын эскертип, Кыргызстанга аймактык жактан эң алыс өлкө болсо дагы Түркиядан эң көп катышуу болгонун баса белгиледи. Мүчө өлкөлөрдүн аксакалдары эртең президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркия Республикасынын курулганынын 91 жылдыгы боюнча өткөрүлө турган жыйынга да катышат.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар